Белеков, Абдылда

Википедия дан

Белеков, Абдылда 1928-жылы 1-февралда Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган.

1943-жылы Темировкадагы Токтогул атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Нарындагы кыска мөөнөттүү мугалимдер курсунун география факультетин аяктап, Ат-Башыдагы Талды-Суу орто мектебинде мугалим, Терек-Суу орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 1944–1945-жж. Нарын боюндагы Шоро жети жылдык мектебинде директор,

1945–1948-жж. облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинде атайын кабарчы болуп иштеген. «Шайлайбыз» деген биринчи ыры 1946-жылы гезитке басылган. 1948–1952-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, филология факультетин аяктайт. 1952–1953-окуу жылында Ысык-Көлдөгү Күрмөнтү орто мектебинде тил, адабият сабактарынан мугалим болот. 1953–1957-жж. Кыргызстан окуу педагогикалык басмасында редактор, Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант болуп кызмат аткарат. 1957–1959-жж. Москвадагы эки жылдык Жогорку адабият курсунда окуйт. «Чалкан», «Ала-Тоо» журналдарында, «Кыргызстан маданияты» жумалыгында адабий кызматкер болуп иштейт.

А.Белековдун биринчи ырлар жыйнагы «Айкын жол» деген ат менен 1954-жылы жарык көрүп, аталган чыгармасы орус тилинде басылып чыккан. Орус жазуучуларынын, М.Ю.Лермонтовдун, Р.Гамзатовдун, С.Маршактын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

А.Белеков 1947-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айкын жол: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 86 б.

Тянь-Шандын жүрөгү: Ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 92 б.

Кожомкул: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 106 б.

Чолпонбай. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 75 б.

Эки жар: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 148 б.

Учкуч койчу: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 148 б.

Ак козу. Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 16 б.

Бытбылдык. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. – 15 б.

Миллион жүрөк: Ырлар жана поэмалар. Ф.: Кыргызстан, 1964. – 70 б.

Эки жүрөк: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 71 б.

Ак буудай: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 132 б.

Ак куу: Поэма жана ырлар. . – Ф.: Мектеп, 1970. – 103 б.

Чабан Ташбай: Поэма. – Ф.: Мектеп, 1974. – 80 б.

Кожомкул. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 200 б.

Кожомкул: Дастан. . – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 176 б.

Бүркүт шаңшыйт: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 204 б.

Өчпөс от: Ырлар жана балладалар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 68 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 123 б.

Кыргыз прометейи: Поэма. – Б. 2004. – 70 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ясный путь: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 119 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лермонтов М.Ю. Бородино. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 16 б.

Гамзатов Р. Бийик жылдыздар. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 252 б.

Маршак С.Я. Белгисиз жоокер жөнүндө аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]