Белеков, Кемел Абдылдаевич
Белеков, Кемел Абдылдаевич – акын. 1956-жылы 26-ноябрда Фрунзе шаарында туулган. 1974-жылы Ысык-Көл районундагы Корумду орто мектебин, 1979-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетин аяктаган. 1979–1985-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы, 1985–1986-жж. «Ала-Тоо» журналынын редакциясында редактор, 1986–1999-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, жооптуу катчы, 1999–2001-жж. «Аргумент» гезитинин редактору, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы, «Асаба» гезитинин редакторунун орунбасары болуп иштеген. 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматында эксперт болуп иштейт.
Анын биринчи ыры 1967-жылы «Ленинчил жаш» журналына жарыяланган. 1984-жылы «Турна чакырыгы» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. К.Белеков прозалык чыгармалардын, ырлардын, макалалардын автору.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Журналисттер союзунун жана Жусуп Турусбеков атындагы адабий сыйлыктардын ээси. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Турна чакырык: Ырлар. . – Ф.: Мектеп, 1984. – 26 б.
Уйкусуз түндүн ырлары. . – Ф.: Адабият, 1989. – 80 б.
Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 80 б.
Ку-ка-ре-ку! Б.: Адабият, 1991. – 20 б.
Залкар: Көркөм публицистика. – Ф.: Кыргызстан, 1996. – 250 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|