Белкамыш, тоо

Википедия дан

Белкамыш, Тоо – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Өзгөн р-нун аймагында. Улуучат жана Карадөбө сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышты карай 26 кмге созулат. Туурасы 8 км. Орточо бийиктиги 2500–2800 м, эң бийик жери 3753 м. Кыры тайпак, капталдары кыска, Улуучат жана Карадөбө капчыгайларына тик (40–50°) түшүп, көптөгөн кокту-колоттордон турат.

Бийик түндүк-чыгыш бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапыз түштүк-батышы девондун кумдук, сланец тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү, бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн бадалдуу токою басымдуу. Бийик тоолордо субальп жана альп шалбаа ландшафттары кездешет. Токой чарбасы бар. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]