Белкин Георгий Иванович

Википедия дан

Белкин Георгий Иванович (1945, Семипалатинск обл., Урджар району) – театр сүрөтчүсү. 1970-ж. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. 1974-жылдан респ-калык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1976-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун театр жана кино сүрөтчүлөрүнүн секциясынын председателдигине шайланган. 1973-жылдан Н. К. Крупская атындагы орус драма театрынын башкы сүрөтчүсү катары 100дөн ашык спектаклди көркөм жасалгалаган. О. эле респ-канын, башка өлкөлөрдүн театрларында да спектаклдерди сахналаштырган. Б. театрда декорациялоо искусствосунун өзгөчөлүгүн жана сахналаштыруунун ыкмаларын терең өздөштүргөн, анын ичинде Б. Васильевдин “Ак кууларды атпагыла”, В. Розовдун “Төрт тамчы”, В. Шукшиндин “Шайдоот адамдар”, А. Вампиловдун “Июндагы коштошуу”, Н. Лесковдун “Сологой”, Б. Жакиевдин “Алтын аяк” жана башка бар. Сүрөтчү станоктук графикада да иштейт. Б-дин эмгектери Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Москванын Бахрушин музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталуу. “Өлкө жаштыгы” көргөзмөсүнүн лауреаты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]