Белоктун денатурациясы

Википедия дан

Белоктун денатурациясы жогорку басым, темп-ра (50°Cден жогору), ультракызгылт-көк нурлануу жана механикалык тез аралаштыруу жана башка таасирлердин астында белоктун молекуласы өзүнүн табигый касиетин жоготот. Себеби, бул учурда белоктун үчүнчүлүк, төртүнчүлүк структуралары бузулат.

Б. д-сы процесси кайтарылгыс жана кайтарылуучу болуп 2 түрдө өтөт. Кайтарылгыс денатурация учурунда белоктун молекуласы өзүнүн биологиялык касиеттерин жоготот. Мисалы, жумуртканын белогу жогору температурада ак түстөгү эрибеген абалга келет.

Кайтарылуучу денатурация мисалы, белоктордун чөкмөсүнүн нейтралдык туздарды бөлүп алганда, белоктун молекуласынын биологиялык касиеттери калыбына келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]