Белёв, Анатолий Васильевич

Википедия дан

Белёв, Анатолий Васильевич (1938, Спасс району, Ижевск кыштагы) – гидрогеолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1987). Новочеркасск Геол. чалгындоо техникумун (1956), Москва шаарындагы Бүткүл союздук политехника институтунун гидрогеология факультетин сырттан окуп, аны 1964-ж. бүткөн. Кыргыз гидрогеология экспедициясынын партияларында коллектор, улук мастер, техник-гидрогеолог (1957–64); «Ортоазминсуугео» трестинин партияларында инженер-гидрогеолог, партиянын начальниги (1964–66); «Кыргыз өнөр жай долборлоо» институтунда партиянын начальниги (1966–68); Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын партияларында инженер, улук инженер-гидрогеолог, участоктун начальниги (1968–72), гидрогеол. партиясынын башкы гидрогеологу (1972 – 96) болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]