Бел-Алма-батыш, Кашка-Суу көмүр кени

Википедия дан

Бел-Алма-батыш Кашка-Суу көмүр кени Ош облусунун Ноокат районунда, Кичи Алай суусунун оң куймалары Белалма жана Кашка-Суу сууларынын ортоңку агымында. Кен 1913-ж. белгилүү. 1983–87-ж. геол. съемка убагында издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Белалма жана Батыш Кашка-Суу деп экиге бөлүнөт. Белалма жантайып жаткан синклиналдык бүктөлүүнүн түштүк-батыш канатында, Батыш Кашка-Суу синклиналдын түндүк-батыш биригишинде. Кенде төмөнкү юра катмары менен байланышкан бир кабат белгилүү. Белалма кенинде кабаттын калыңдыгы 30–75 м болуп, орточосу 45 м түзөт. Батыш Кашка-Суу кенинде калыңдыгы 1,0 м болгон кабат 1,2 кмге созулары аныкталган. Көмүрдүн сапаты начар изилденген. Белалма кенинин орточо күлдүүлүгү – 11,8%, күйүү жылуулугу 6500 ккал/кг (27,21 МДж/кг) 7150 ккал/кг (29,93 МДж/кг). Кендердин болжол ресурсу 600 м тереңдикке чейин 1153 млн т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]