Бел-Алма мышьяк кени

Википедия дан

Бел-Алма мышьяк кени Ош облусунун Ноокат районунда, Эскиноокаттан 30 км түштүктө, Кичи Алай кырка тоосунун түштүк капталында. Деңиз деңгээлинен 4500–4700 м бийиктикте. 1936-ж. табылып, 1937-ж. издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кендин аймагын палеозойдун кумдук, сланец, роговик, акиташ тектери түзөт. Алар терең тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Руда тулкусу акиташ теги менен роговикте жана алардын кошулган жерлеринде топтолуп, линза, уя, тарамча түрүндө жатат. Кварц-арсенопириттүү тарамчалардын жалпы узундугу 1042 м. Негизги минералдары: арсенопирит, пирит, халькопирит, сфалерит, галенит, буланжерит, тетраэдрит, скородит, ковелин, халькозин, лимонит, эритрин. Кенде арсенопирит бирдей таралган эмес. Мономинералдуу арсенопирит тарамдары табылган. Мышьяктын өлчөмү 20,26%, запасы 13110 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]