Бел-Тепши мрамор кени

Википедия дан

Бел-Тепши мрамор кени [[Нарын району|Нарын районундагы]] Жеркөчкү кыштагынан 20 км аралыкта, Каражорго тоосунун түндүк капталында. Кен 1964-ж. табылган. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон жанартоо чөкмө тектери түзүп, алардын арасында мрамор катмарлары жатат. Калыңдыгы 50–150 м, узундугу 20 кмге созулат. Ак, сары, кызгылтым түстө. Өңүнө жараша катмарчаларга бөлүнүп, алардын калыңдыгы 5 мден 30 мге чейин өзгөрөт. Бышык, оңой сайкалданат, майда бүртүкчөлүү; 30x30x30 смге чейинки такталарды алууга болот. Такталардын бети кооз, темгилдүү, өңү кара, кызгылтым, жашыл темгилдери кубулуп турат. Кооз белек буюмдарын жасоого сунуш кылынат. Запасы С2 категориясы боюнча 6 млн м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]