Бел кыштагы

Википедия дан

Бел кыштагы - Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Бел айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 12 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 36 км. Ноокат Кызылкыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1445 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 4332 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, китепкана, амбулатория, дарыкана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4