Бенжамин Бриттен

Википедия дан
Бриттен (1968)

Едвард Бенжамин Бриттен (англ. Edward Benjamin Britten, 22. 16. 1913-ж. т. ) - англиялык композитор, пианист, дирижёр. Лондондогу музыкалык коллежде окуган (1929-33).

Бриттен - Лондондун "Ковент-Гарден" театрынын кичине опера труппасына негиз салгандардын бири. Бриттен 11 опера ("Питер Граймс" (1945), "Альберт Херринг" (1947) ж. б. ), балет, концерт, симф., фортепьянолук жана аспаптык пьеса-лар жазган. СССРде бир нече ирет болуп (1-жолу 1963-ж. ), дирижёр катары концерт берген. "Жаз түнүндөгү түш" операсы Москвада Чоң театрда коюлган (1966).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.