Бензантрон боектору

Википедия дан

Бензантрон боектору -бензантрондон же анын бирикмелеринен синтез жолу менен алынуучу татаал түзүлүштөгү бойоктор.

Бензантрондун мо-лекуласы конденсацияланган бензолдук 4 шакекчеден турат. Ал бойогуч касиетке ээ эмес; анын 2 молекуласынын конденсацияланышынан Бензантрон боектору пайда болот.

Конденсациянын шартына жараша виолантрон (көк) же изовиолантрон (кызгылт көк) бойоктору алынат. Булар ар түрдүү түстө болуп, оңбойт. Бензантрон боектору сууда эрибегендиктен, аларды белгилүү өлчөмдөгү жегичтин эритмесинде эритип туруп, көбүнчө кебез кездемелерди бойойт. Айрымдары сыр пигменти катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.