Бензой кислотасы

Википедия дан

Бензой кислотасы (бензолкарбон к-тасы), С6Н5СООН – эң жөнөкөй ароматтык к-та, түссүз, жалтырак кристаллдар, мол. масс. 122,05. Б. к-нын эрүү t 122,4оС, кайноо t 249oC; жогорку темп-рада 370оС бензолго жана СО2 чейин ажырайт. Б. к-на бардык монокарбон к-таларынын касиеттери мүнөздүү. Б. к. бензоилхлорид менен аракеттенишип бензой ангидридине (С6Н5СО)2О айланат. Б. к. жана анын эфирлери чайырларда, эфир майларында кездешет. Ал өндүрүштө суюк фазада 130-160оС, басым астында (308-790 кПа) катализатор катышуусунда толуолду окистендирүүдөн алынат. Лаб-яда бензоилтрихлоридди (С6Н5ССl3) жана бензонитрилди гидролиздөөдөн алынат. Б.к-сы жана анын туздары эң жогорку бактерициддик касиетке ээ. Ошондуктан алар тамак аш ө.ж-нда концервант катары (0,1 %) соустар, фарш, ширелердин курамына кошулат. Медицинада тери оорууларын дарылоодо, парфюмерияда колдонулат. Б.к. фенол, капролактам өндүрүүдө жана лактардын курамына анын жалтырактуулугун жана башка касиеттерин жогорулатууда кошулат. Б.к. эфирлери жыттуу зат болгондуктан, алар косметикада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]