Бензол

Википедия дан
Бензол.
Бензол.

Бензол — мол. масс. 78,11; өзгөчө жыттуу, түссүз, тез учма суюктук; балкып эрүү t 5,53оС, кайноо t 80,1оС; d204 0,879, n204 1,5011; ароматтык углеводороддун эң жөнөкөй өкүлү. Бензин, эфир жана башка орг. эриткичтер менен бардык көлөмдө аралашат; майды, каучукту, гидронду, иодду, фосфорду жакшы эритет. Сууда начар эрийт. Б-ду 1825-ж. М. Фарадей кит майын пиролиздөөдө ачкан. 1833-ж. Э. Мичерлих бензой к-тасын декарбоксилдөөдөн синтездеп алган. 1865-ж. Кекуле анын түзүлүшүнүн формуласын сунуш кылган:

Б. сульфирлөө жана нитрлөө реакцияларына кирип, бензолсульфо к-таларды жана нитробензолдорду галогендөөдөн галоген Б. алкилдөөдөн алкил Б. пайда кылат. Б. жогорку темп-ранын жана окситендиргичтердин – H2CrO4 менен KMnO4 түн таасирине туруктуу. Катализатор таасиринде (V, Mo) 350-450оС малеин ангидридин пайда кылат. Катализатор (Ni, 120-200оС) таасиринде циклогексанга, суюк аммиакта щелочтуу металлдар таасиринде 1,4-циклогександиенге чейин калыбына келет. Хлор таасиринде хлорду кошуп алып, гексахлорциклогександы пайда кылат. Б. негизинен ташкөмүрдүн кокс газынан, кокс чайырынан жана катализатордун таасиринде алифаттык углеводороддорду дегидрлөөдөн, ацетилендин тримерлешүү реакциясынан алынат. Өндүрүлгөн Б. 80 % этил Б., кумолду жана циклогександы синтездөөдө; ал эми калган бөлүгү анилинди, малеин ангидридин алууда, күйүүчү майлардын о. с. жогорулатуучу компонент, эриткич жана экстрагент катарында, лак боёочу заттарды өндүрүүдө эриткич катары колдонулат. Б. физиологиялык активдүү зат, терини дүүлүктүрөт. Анын аз сандагы концентрациясы менен узак убакыт иштөөгө туура келсе, канда жана канды пайда кылуучу органдарда өзгөрүүнү пайда кылып, иштөө функциясын начарлатат. Б. мол-сынын түзүлүшү такталгандыгына карабастан, Б. түзүлүшүн так көрсөткөн бирдей формула колдонулбайт. Мис., анг. химиктер (Робинзон, Ингольд):

формуласын сунуш кылса, Полинг жана башка

формуласын сунуш кылышат. Негизинен тарыхый мүнөзгө ээ Кекуле формуласы колдонулат. Электрофилдик орун алмашуу реакциясына жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]