Мазмунга өтүү

Бенито Муссолини

Википедия — ачык энциклопедия
Бенито Муссолини
итал. Benito Mussolini
Бенито Муссолини
Желек
Желек
Өкмөт башчысы, фашизмдин дучеси жана империянын негиздөөчүсү
желек
желек
24-декабрь 1925  25-апрель 1945
Андан мурунку: титул негизделген
Андан кийинки: титул жоюлган
Желек
Желек
Италия Социалисттик Республикасынын дучеси
желек
желек
23-сентябрь 1943  25-апрель 1945
Андан мурунку: кызмат негизделген
Андан кийинки: кызмат жоюлган
Желек
Желек
Италия Социалисттик Республикасынын тышкы иштер министри
желек
желек
23-сентябрь 1943  25-апрель 1945
Андан мурунку: кызмат негизделген
Андан кийинки: кызмат жоюлган
Желек
Желек
Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасы
желек
желек
30-октябрь 1922  25-июль 1943
Монарх: Виктор Эммануил III
Андан мурунку: Луижи Факта
Андан кийинки: Пьетро Бадольо
Желек
Желек
Италиянын ички иштер министри
желек
желек
6-ноябрь 1926  25-июль 1943
Андан мурунку: Луиджи Федерцони
Паолино Таддеи
Андан кийинки: Бруно Форначиари
Луиджи Федерцони
Желек
Желек
Италиянын тышкы иштер министри
желек
желек
5-февраль 1943  25-июль 1943
Андан мурунку: Галеаццо Чиано
Дино Гранди
Карло Шанцер
Андан кийинки: Раффаэле Гуарилья
Галеаццо Чиано
Дино Гранди
Желек
Желек
Италиянын Депутаттар палатасынын депутаты
желек
желек
11-июнь 1921  22-март 1939
 
Жарандыгы: Италия падышалыгы
Дини: атеизм, кийин — католицизм
Туулган жылы: 29 -июнь 1883(1883-06-29)
Туулган жери: Италия падышалыгы, Романья, Предаппио
Каза болгон жылы: 28 -апрель 1945(1945-04-28) (61 жаш)
Каза болгон жери: Италия падышалыгы, Ломбардия, Медзегра, Жулино-ди-Медзегра
Мүрзөсүнүн орду: Предаппио, Муссолинилердин үй-бүлөлүк склеби
Атасы: Алессандро Муссолини
Апасы: Роза Мальтони
Жубайы: Ида Дальзер (1914)
Ракеле Муссолини (Гвиди) (1915-жылдан тартып)
Балдары: Ида Дальзерден
уулу: Бенито Альбино Муссолини
Ракеледене
уулдары: Витторио Муссолини, Бруно Муссолини жана Романо Муссолини
кыздары: Эдда Муссолини жана Анна-Мария Муссолини
Партиясы: Италиянын Социалисттик партиясы (1901–1914)
Революциялык аракеттердин бирлиги (1914–1915)
Италиянын күрөш бирлиги (1919–1921)
Улуттук фашисттик партия (1921–1943)
Республикалык фашисттик партия (1943–1945)
Билими: Лозанна университети
Илимий наамы: профессор
Кесиби: мугалим
Ишмердүүлүгү: саясатчы, журналист, публицист
 
Аскердик кызматы
Өтөгөн жылы: 1915—1917
Жарандыгы: Италия падышалыгы
Кызмат өтөгөн жайы: Avanti!
Наамы: Капрал (1916)
Империянын биринчи маршалы (1938)
Катышкан согушу: Биринчи дүйнөлүк согуш
Биринчи дүйнөлүк согуштун Италия фронту
 
Автограф: Кол тамгасы
Солдон оңго, сиз мурдагы коммунисттик саясатчы Никола Бомбаччи, Дюс Бенито Муссолини, анын ишенимдүү сүйүктүүсү Клара Петаччи, министр Алессандро Паволини жана белгилүү фашисттик саясатчы Ахилл Старастын жансыз денелери 2012-жылдын 1-майындагы Лорето аянтында көргөзмөгө коюлганын көрө аласыз. Милан шаары 1945-ж.

Бенито Амилькаре Андреа Муссолини (29. 7.1883, Форли провинциясы, Довиа кыштагы – 28. 4. 1945, Донгого жакын жер) – 1922–43-жылы италиялык фашисттик диктатор. 20-кылымдын башталышында Швейцарияда жашап, жумушчу болуп иштеген. Социалисттик партиянын мүчөсү болгон. Мекенине кайтып келгенден кийин журналист, окутуучу жана оратор катары белгилүү болуп, «Аванти» Социалисттик гезитинин башкы редакторлугуна дайындалган (1912). 1-дүйнөлүк согуш башталганда Италия Антанта уюмуна кириш керек деген агитация жүргүзгөндүгү үчүн Социалисттик партиядан (ИСП) чыгарылган. Ошол эле жылы «Пополо д’Италия» гезитин негиздеген. 1919-жылы мартта «фашио ди компатименто» фашисттик уюмун түзгөн. 1922-жылы 2-октябрда Муссолини Италия парламентинен бийликти тартып алып, дүйнөдө биринчилерден болуп фашисттик бийликти орноткон. 1926-жылы Муссолининин өкмөтү өлкөдө фашисттик террор тартибин киргизип, агрессиячыл саясат жүргүзгөн. 1933-жылы Гитлер бийликке келгенден кийин, аны менен саясий жана согуштук союз түзгөн жана Эфиопияны (1936) басып алган. Муссолининин демилгеси менен 1937-жылы Үчтүктөр союзу (Италия, Германия, Япония) түзүлгөн. 1938-жылы сентябрдагы Мюнхен макулдашуусун (1938) уюштуруучулардын бири. Италия 2-дүйнөлүк согушта Германия тарапта катышкан. Согушта немистик-фашисттик жана италиялык аскерлердин жеңилишинен, ошондой эле Италияда фашизмге каршы кыймылдын күч алышынан улам мененин диктатурасы кыйраган (1943-жылы 25-июль). 1945-жылы италиялык партизандар колго түшүрүп, Түндүк Италиянын Улуттук-боштондук комитетинин аскер трибуналынын өкүмү боюнча өлүм жазасына тартылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]