Бенкендорф Александр Христофорович

Википедия дан

Бенкендорф Александр Христофорович (1781 же 1783-1844) - орус мамлекеттик ишмери, граф (1832).

Николай 1нин реакц. саясатын колдогон кадышанын ишеничтүү кишилеринин бири. Гвардия корпусунун штаб начальниги (1819-21). Декабристтердин көтөрүлүшү" (1825-ж. 14-дек. ) басууда атчан аскерлердин командири.

1826-ж. саясий тыңчылык иштин борбордук органын ("Үчүнчү бөлүм") уюштуруу боюнча долбоору Николай I тарабынан кабыл алынган. Бенкендорф падышанын көрсөтмөсү боюнча, А. С. Пушкиндин артынан тыңчылык кылган, акынды кодулап, чүнчүтүүлөрдүн демилгечиси болгон. 1826-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин "Үчүнчү бөлүмдүн" башкы начальниги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.