Бердяев Николай Александрович

Википедия дан
Николай Александрович Бердяев.

Николай Александрович Бердяев (1874—1948) — XX кылымдын биринчи жарымынын эң ири орус философу.

Ал Киев губерниясында туулган. Киев университетинин юридикалык факультетине кирет, бирок социалисттик кыймылдын катышуучусу катарында 1898-жылы камакка алынат. Жаш курагында — марксист болгон, бирок көпкө узабай Маркстан көңүлү калат да, Вл.Соловьевдун философиясына кызыга баштайт, андан кийин өзүнүн дүйнө көз карашын иштеп чыгат. 1922-жылы идеологиялык себептерден улам орус интеллигенциясынын башка өкүлдөрү менен бирге Советтик Россиядан чет өлкөгө айдалып жиберилет. Ушундан кийин ал Берлинде жашап, андан кийин Парижге келип туруп калат. 1926-жылы «Жол» журналын негиздеп, 1939-жылга чейин анын башкы редактору болгон.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бердяев өтө көп сандагы китептерди жана макалаларды жазат. Анын чыгармаларынын библиографиясынын өзү эле көлөмү 10 басма табак болгон бүтүндөй бир томду түзөт. Бердяевдин көбүрөөк маанилүү философиялык чыгармалары төмөнкүлөр: «Коомдук философиядагы субьективизм жана идеализм. Н.К.Михайловский жөнүндө сыный этюд» (1900), «Түбөлүктүүлүктүн көз карашынан» (1907), «Эркиндик философиясы» (1911), «Чыгармачылыктын маңызы. Адамды актоо тажрыйбасы» (1916), «Теңсиздик философиясы» (1923), «Тарыхтын маңызы» (1923), «Эркин рухтун философиясы, христиан проблематикасы жана апологетика» (1929), «Адам тагдыры (парадоксалдык этиканын тажрыйбасы» (1931), «Орус ою: он тогузунчу жана жыйырманчы жүз жылдыктын башындагы орус оюнун башкы проблемалары» (1946), «Эсхатологиялык метафизиканын тажрыйбасы» (1947). Анын чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулган.

Анын окуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бердяевдин эмгектеринин негизги темасы — адамдын руханий бытиеси. Анын пикири боюнча, адамдын руху теңирлик рух менен тыкыс байланышкан. Анын окуусуна натуралисттик диний философиянын көрүнүшү болгон теизм менен пантеизм концепциялары карама-каршы турат.

Белгилүү бир дүйнө көз карашынын негизинде, Бердяевдин ою боюнча, жаратылыш менен рухтун өз ара катышы жатат. Рух — бул өмүр, эркиндик, чыгармачыл ишмерлик деген түшүнүктөрдүн аталышы, жаратылыш — бул нерсе, аныктык, пассивдүү ишмерлик, кыймылсыздык. Рух дегенибиз бул обьективдүү да, субьективдүү да реалдуулук эмес, аны таанып-билүү тажрыйбанын жардамы менен ишке ашырылат. Жаратылыш болсо — мейкиндиктеги обьективдүү, көп сандаган жана бөлүнүп-ажырап туруучу нерсе. Ошондуктан жаратылышка материя гана эмес психика да таандык.

Кудай — рухий негиз катарында чыгат. Теңирлик дегенибиз иррационалдуу жана ашкере рационалдуу рух, теңирчилик өзүнүн жашап турушун рационалдуу түрдө далилдөөгө муктаж эмес. Кудай табийгый дүйнөдөн тышкары турат жана символикалык түрдө гана баамдалат.

Кудай дүйнөнү жоктон бар кылды. Жоктон бар кылуу — бул эч нерсе жок боштуктан келип бар болуу дегендикке жатпайт, ал Кудайдан да жана дүйнөдөн да мурда бар болуп турган кайсы бир түпкү принцип жана ал эч кандай дифференцивдүүлүктү, алгачкы хаосту билдирбейт. Бул түшүнүктү Бердяев Якоб Бёмден кабыл алган жана аны теңирлик түпнегиз менен окшоштурган. Дүйнөнүн пайда болушу Бердяевде анын эркиндик проблемасын кандайча чечкендигине тыкыс байланыштуу.

Бердяев кудай жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бердяев үчүн эркиндиктин үч түрү бар: алгачкы иррационалдуу эркиндик; рационалдуу эркиндик (моралдык парзын аткаруу), Кудайды сүйүүгө толгон эркиндик. Иррационалдуу эркиндик — «жок нерсе», ушул «жок нерседен» Кудай дүйнөнү бар кылып жараткан. Жараткан Кудай өзү теңирлик түп нерседен пайда болот, андан кийин гана жараткан — Кудай дүйнөнү жаратат. Ошондуктан эркиндикти Кудай жаратпайт, анткени ал эркиндик теңирлик түпнегизде мурда эле бар болучу, ушул себептүү жараткан — Кудай жамандыкты пайда кыла турган эркиндик үчүн жоопкер эмес.

Жараткан-Кудай,— деп жазат Бердяев,— бытьени, өзү жараткан дүйнөнү өзү бийлеген кубаттуу зор күч, бирок ал өзүнөн мурдагы түпнегизге, өзү жаратпаган эркиндикке бийлик кыла албайт». Жакшылыкты да, жамандыкты да жаратуу эркиндиктин өз колунда. Ошондуктан, Бердяевдин пикири боюнча, адам өзүнүн жүрүш-турушунда абсолюттук түрдө эркин, анткени ал Кудайга баш ийбейт. Кудай адамдардын иш-аракетин алдын ала көрө да албайт. Кудай адамдардын эркине эч кандай таасир көрсөтө албайт, ошондуктан ал баардыгын өзү башкарып, өзү билип тургандай кубаттуу күчкө ээ эмес, ал тек гана адамга анын эрки жакшылыктарга багытталышына жардам берип турат. Эгерде иш мындай болбогондо, анда Кудай жер үстүндө болуп жаткан жамандыктарга жоопкер болуп калмак да, демек, теодицея да мүмкүн болмок эмес.

Бердяевдин диний философиясы анын социалдык концепциялары менен тыкыс байланышкан, булардын ортосундагы байланыштырып турган түйүн — инсан жана анын проблемасы. Мына ошондуктан Бердяев өзүнүн чыгармаларында инсандын коомдогу ордун аныктоого жана инсан менен байланыштуу болгондордун баарын теориялык талдоого көп көңүл бөлөт. Бердяев үчүн инсан коомдун бир бөлүгү эмес, тескерисинче, коом — инсандын бир бөлүгү болуп саналат. Инсан дегенибиз — чыгармачыл акт, мында бир бүтүндүк бөлүктөрдөн мурда жүрөт. Инсандын негизи — аң-сезимсиздик, ал аң-сезим аркылуу өтө жогорку аң-сезимдүүлүккө көтөрүлүп чыгат.

Бердяев жана коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамда дайыма теңирлик касиет жашап турат, ал эми Теңирчиликте адамдык касиет жашайт. Адамдын чыгармачылык ишмердиги — теңирчилик турмуштун уландысы. Адам дегенибиз «экилтиктүү жан, ал феномендер дүйнөсүндө да, ошондой эле ноумендер дүйнөсүндө да жашайт [Эсхатологиялык метафизиканын тажрыйбасы. 79-6.]. Дал ошондуктан ноумендердин феномендерге, «көрүнбөгөн дүйнөнүн — көрүнүп турган дүйнөгө, эркиндик дүйнөсүнүн — зарылдык дүйнөсүнө» [67-6] өтүп турушу мүмкүн болуучу нерсе. Бул — рухтун жаратылыштын үстүнөн болгон жеңиши; адамдын жаратылыштан эркин болушу — бул анын кулчулук менен өлүмдүн үстүнөн болгон жеңиши. Адам — баарынан мурда руханий субстанция, ал обьект болуп саналбайт. Адам — коомго, мамлекетке, улутка караганда зор баалуулукка ээ. Эгерде коом жана мамлекет инсандын эркиндигин кысымга ала турган болсо, анда ал өзүнүн эркиндигин бул кысымчылыктардан коргоого акылуу.

Бердяев коомдо жашап турган этиканы мыйзамдаштырылган адеп-ахлак эрежелери катарында карайт, адамдын күндөлүк жашоо-турмушу ушул эрежеге баш иет. Бирок бул мыйзамдашкан этика, «мыйзам этикасы», мыйзамдаштырылган христианчылыктын этикасы шарттуулуктарга жана эки жүздүүлүктөргө жык толгон. Этикадан ал садисттик кылык-жоруктарды жана анын талаптарынын тымызын ыплас мотивдерин көрөт. Мына ошондуктан ал бул күндөлүк этиканы жоюп да салбай, четке да какпай адептүү жашоо-турмуштун бир кыйла жогорку баскычын сунуш кылат, ал күнөөдөн арылуу аракетине жана Кудайды сүйүүгө негизделет. Бул этика дүйнөдө Кудай — адамдын пайда болушу жана күнөөлүүлөргө карата ички сезимдин көрүнүшү менен байланыштуу. Дүйнөдө иррационалдуу эркиндик бар, бирок ал Кудайга эмес, Ungrundга негизденип турат. Кудай дүйнөгө келип, анын трагедиясын көрүп, өзүнүн сүйүүсү менен адамдарга жардам бергиси келет, сүйүү менен эркиндиктин биримдигине жетишүүгө умтулат, бул болсо дүйнөнү теңирлентүүгө жана да өзгөртүүгө тийиш. «Кудай дүйнөнүн башындагы кайгыны кошо бөлүшүүгө умтулат» [1-том, 251-6.].

Бердяевдин пикири боюнча коомдун өнүгүшүнүн тарыхый процесси — бул жакшылык менен иррационалдуу эркиндиктин күрөшү, бул — «Кудай менен Анын башка Мен — ининин ортосунда болуп жаткан сүйүү менен эркиндиктин драмасы, Кудай аны сүйөт жана Өзү да өзүнө карата ошондой эле сүйүүнүн болушун эңсейт» [Тарыхтын маңызы. 52-6.]. Бүткүл дүйнөлүк тарыхта үч күч аракет кылып турат, алар: Кудай, тагдыр жана адам эркиндиги. Мына ушул себептен тарых ушунчалык татаал келет. Тагдыр инсанды тарыхтын иррационалдык күчтөрүнүн аренасына айландырат... Христианчылык тагдырды Христ аркылуу гана жеңүүгө болорун моюнга алат [Эсхатологиялык метафизиканын тажрыйбасы].

Революция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иррационалдык эркиндиктин жеңиши чындыктын кыйрашына жана алгачкы баш-аламандыктын (хаостун) кайтып келишине алып барат. Революция иррационалдык эркиндиктин жеңишинин көрүнүшү, бул революция хаостун эң эле барып жеткен чеги болуп саналат. Революциялар эч кандай жаңы нерселерди жаратпайт, алар мурда түзүлгөндөрдү гана кыйратып жок кылат. Революция ишке ашкандан кийин гана, реакция мезгилинде турмушту чыгармачылык менен кайра куруу процесси жүрөт, бирок зордукчулукка негизделген ар кандай долбоорлор акыры кыйроого дуушар болот.

Адамдын чыгармачылык күчүн боштондукка чыгарууга умтулуп жаткан азыркы доордо жаратылыш баш ийдирип алууга боло турган жансыз механизм катарында каралат. Бул үчүн илим менен техниканын бардык жетишкендиктери пайдаланылат. Машиналык өндүрүш жаратылышка каршы күрөшүү максатында адамдын кызматына өткөрүлүп берилген, бирок бул машиналык техника адамдын өзүн да бузат, анткени адам өзүнүн индивидуалдуу бейнесин жоготуп коёт. Адам диний эмес гуманизмди жетекчиликке алуу менен өзүнүн адамкерчилик сапатын жогото баштайт. Эгерде адам алда канча жогору турган адептик идеалды четке какса жана өзүндө Кудайдын образын түзүүгө аракеттенбесе, анда ал бардык арамдыктардын кулу болуп калат жана жашоонун жаңы түрүнүн кулуна айланат, жашоонун бул түрү өзүнүн материалдык муктаждыгын канаттандыруу үчүн инсанды коомго зордоо жолу менен кызмат өтөөгө аргасыз кылууга негизденет, бул социализмдин тушунда ушундай болот.

Социализм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Принцибинде Бердяев социализмге каршы эмес, бирок ал «инсандын эң жогорку баалуулугун жана анын толук кандуу турмушта жашоого болгон укугун тааныган» [Бердяев Н.А. Адам проблемасы] социализмди жактайт. Бирок бул социализмди куруунун реалдуу долбоорунан айырмаланган социалисттик идеал гана болуп саналат, бул долбоорду ишке ашыруу коомдун турмушунда жаңы карама-каршылыктарды жаратат. Турмушка ашырууга умтулуп жаткан реалдуу социализм дегенибиз, Бердяевдин пикири боюнча, жар салынып жаткан теңчиликтин орношуна эч качан алып келбейт, тескерисинче, адамдардын ортосунда жаңы кастыкты жана эзүүнүн жаңы түрлөрүн пайда кылат. Социализмдин тушунда, мейли ал ачарчылык менен жакырчылыкты жойгон болсо да, руханий проблема эч качан чечилбейт. Адам баары бир «мурдагыдай эле өлүм, түбөлүктүүлүк, сүйүү, тааным жана чыгармачылык дегендердин жашыруун сырлары менен бетме-бет кала берет. Ырас, коомдук турмуш бир кыйла рационалдуу уюштурулган деп айтса болот, бирок турмуштун трагедиялык элементи — инсан менен өлүмдүн, убакыт менен түбөлүктүүлүктүн ортосундагы трагедиялык конфликт — улам барган сайын күч ала берет» [Бердяев Н.А. Рух жана реалдуулук].

Россия тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн чыгармаларында Бердяев Россияга көп көңүл бурат. Ал мындай деп жазат: «Россия Чыгыш менен Батыштын улуу, бир бүтүн биримдиги болуп калышын Кудай өзү буйруган экен, бирок өзүнүн чыныгы эмпирикалык абалы боюнча ал Чыгыш менен Батыштын оңунан чыкпаган жөнөкөй аралашмасы гана болуп калды». Россиянын кырсыгы, Бердяевдин пикири боюнча, андагы эркектик жана аялдык негиздердин туура эмес ара катышында жатат. Батыш элдеринде эркектик негиз элдин негизги күчүндө басымдуулук кылган, буга руханий тартипте тарбиялаган католицизм жардам берген, ал эми «орус руху болсо боштондукка чыкпай кала бергендиктен ал кандайдыр чекти билген эмес жана чексиз мейкиндиктин кучагында жайылып кала берген. Орус руху бүт бардыгын талап кылат, эгерде бүт бардыгына ээ боло албаса анда ага эч нерсенин кереги жок, апокалипсисттик же нигилисттик маанайда болот, ошондуктан ал маданияттын жарым-жарты падышачылыгын тургузууга жөндөмсүз». «Орус ой-пикири» китебинде Бердяев улуттук орус ой-пикиринин бул өзгөчөлүгүн сүрөттөп жазат, бул өзгөчөлүк «акыр кыяматтын эсхатологиялык проблемасына», келе жаткан катастрофаны акыр заман деп сезүүгө багытталган.

Бердяевдин философиясы — христиандык дүйнө көз карашын өзүнүн оригиналдуу формасында чагылтып көрсөтүүгө кезектеги аракет жасаган орус философиясынын өтө ачык көрүнүшү болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]