Берилиштердин тактыгы
Jump to navigation
Jump to search
Берилиштердин тактыгы (Data accuracy-Точность данных). Компьютердик систем камсыз кылган берилиштер ишенимдүү болуш үчүн адегенде маалыматтарды түзүү¬дө пайдаланылган берилиштер так (Data Accuracy) болушу керек. Берилиштердин тактыгы берилиштер булагынын аныктыгы, берилиштердин кабарланышы жана киргизилиши туура дегенди билдирет. Так берилиштер, ошондой эле өз учурунда болуш керек. Өз учурундагы берилиштер деп өзүнүн баалуулугун жана мыйзамдуулугун жогото элек берилиштерди айтабыз. Мисалы, адистин беш жыл мурдагы айлык кирешеси 1000 сомду түзсө, бүгүн бул маалымат учурдагы берилиш болбойт, себеби, өткөн беш жыл ичинде айлыгы көбөйүп же азайып калышы мүмкүн.
Кошумча маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]
- Берилиштердин коопсуздугу
- Берилиштерди кысуу
- Берилиштерди тейлөө
- Берилиштерди жазуу
- Берилиштер булагын автоматташтыруу
- Берилиштерди ыкчам анализдөө
- Берилиштер сөздүгү
- Берилиштер прожектору
- Берилиштер пакети
- Берилиштер иерархы
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы. У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.-2004. ISBN 9967-14-014-3