Бериллий кычкылы

Википедия дан

Бериллий кычкылы, В°О - бериллийдин кычкылтек менен бирикмеси, 2570Ү30°Сде эрүүчү ак күкүм.

Сууда эрибейт, кислоталар жана жегичтер менен туздарды пайда кылат. Бериллий кычкылы бериллийдин суу кычкылын же туздарын ажыратуудан алынат. Ал отко чыдамдуу тигелдерди, керамикаларды даярдоо үчүн, ядролук реакторлордо, рентген техникасында, органикалык синтезде катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.