Бериллий рудалары

Википедия дан

Бериллий рудалары - техника менен экономиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, составында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоо тектер же минералдардын чогундусу.

Бериллий металлы рудада, көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоо тектердин составында изоморфтук аралашма катарында болот. Бериллий рудаларын түзүүчү бериллийдин негизги минералдары: берилл (составында ВеО 10-12%), фенакит (42-45 %), бертрандит (40-42 %), гельбертрандит (32-35%), хризоберилл (10-20%), гельвин жана гент-гельвин (10-12%). Бериллий рудаларынын кендери гранит жана субщЕлочтуу гранитоид интрузиялары менен байланышып, негизинен постмагмалык процесстерден пайда болот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0, 05-0, 09% ВеО), гельвиндүү жана хризобериллдүү скарндар (0, 1-0, 15%), бериллийлүү грейзендер менен кварц тарамдары (0, 1-0, 15%) ж. б. сыяктуу өнөр жайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери СССРде (Орто Азия, Казакстан ж. б. ), чет өлкөлөрдө АКШда, Колумбияда, Бразилияда, Түштүк Африка Республикасында ж. б. жерлерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.