Бернхард Риман

Википедия дан

Риман Георг Фридрих Бернхард (17. 9. 1826, Ганновер, Брезеленц кыштагы – 20. 6. 1866, Италия, Селаска) – немец математиги. 1846–49-жылдары Гёттинген, Берлин университеттеринде окуп, К. Гаусс, К. Якоби, П. Дирихледен таалим алган. Гёттинген университетинин профессор (1857). Риман аналитикалык функцияларга геометриялык түшүндүрмө берип, Риман беттери жөнүндө түшүнүктү, конформдук чагылдыруу жана ага байланыштуу топологиянын негиздерин иштеп чыккан. Алгебралык функциялар жана интегралдар теориясын, дифференциалдык теңдемелердин аналитикалык теориясын, сандардын аналитикалык теориясын, функциялардын тригонометриялык катарга ажыроочулугун изилдеген. Функционалдык жана топологиялык мейкиндиктерди жалпылап, математикалык мейкиндикке аныктама берген. Евклид, Лобачевский геометрияларындагы мейкиндиктерди сунуш кылган. Математикалык идеяларын физикалык мейкиндикти түшүндүрүүгө колдонуп, салыштырмалуулук теориясына жакындаган. Римандын эмгектери математика, физика, механикада кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]