Бертран Рассел

Википедия дан

Рассел Бертран (18. 5. 1872, Уэльс, Треллек -2.2. 1970, Уэльс, Пенриндайурайт) – англиялык философ, логик, математик, социолог, коомдук ишмер. Англиялык неореализмдин жана неопозитивизмдин негиздөөчүсү; объективдүү идеализмден субъективдүү идеализмге өткөн. Математиканы логикалык жактан негиздөө максатында логиканын дедукциялык-аксиомалык түзүлүшүн өнүктүргөн. Математикалык логиканын негизин түзгөн. «Математиканын негиздери» (1–3-том, 1910–13) эмгегинин автору (А. Уатхед менен бирге). Пагуош кыймылынын демилгечилеринин бири. Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын (1950) лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]