Берүүчү линиялар

Википедия дан

Берүүчү линиялар – параллель өткөргүчтөрдөн турган, алардын узундук багыты боюнча электр - магниттик толкундар таралуучу көп зымдуу системалар.

Мындай системалардын туурасынан болгон өлчөмдөрү узундугуна караганда өтө кичине жана көпчүлүк учурларда толкун узундугунан да кичине. Берүүчү линиялар биринчи жолу 19-кылымдын 30-жылдарында телеграфта пайда болгон. Ал эми 20-кылымда өзгөрмө токтун энергиясын алыска берүүдө пайдаланыла баштады. Экрандуу (жөнөкөй коаксиалдуу кабель) жана ачык Берүүчү линиялар бар.

Идеалдуу Берүүчү линияларда туурасынан кеткен электр жана магнит талаалары таралат. Берүүчү линиялар кесилишиндеги талаалардын бөлүштүрүлүшү сүрөттө көрсөтүлгөн. Кёп зымдуу Берүүчү линиялар N – 1 көзкарандыда эмес модалар таралат (N – зымдардын саны). Бул көп каналдуу берүүлөрдө пайдаланылат. Бардык ТЕМ-модалар жарыктын ылдамдыгындый ылдамдык менен таралат. Берүүчү линиялардагы процесстер телеграф теңдемелериде жазылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]