Бетаиндер

Википедия дан

Бетаиндер - амин кислоталарынын азот атому менен үч алкил тобун кармаган комплекстүү туздары. Бетаин мол-сы оң заряддуу азот атомун жана терс заряддуу карбоксил тобун кармагандыктан биполярдуу ион тибинде болот:

Cууда жакшы, эфирде начар эрийт. Бетаин эрүү температурасы өтө жогору. Суудагы эритмеси нейтралдык реакцияга ээ. Бетаин. амин кислоталарына алкилгалогенид менен алкилсульфатты таасир кылуудан жана галогендүү к-талар менен триметиламиндин реакцияга киришинен алынат. Бетаин көпчүлүк өсүмдүк, жаныбар организминде гликокол бетаин (СН3)3N+CH2COO- кеңири таралган. Ал түссүз, суунун бир мол-сын кармап жүрүүчү кристалл, балкып эрүү t 2930С. Бетаин кант кызылчасынын ширесинде (лат. beta - кызылча) кармалгандыктан, ал кантты өндүрүүдөгү калдык патокадан алынат. Хлордуу бетаин (ацидол) медицинада туз кислотасынын ордуна колдонулат. Ошондой эле полимерлешүү реакциясында эмульгатор, диспергатор, ал эми кагаз, тери, текстиль жана металлды кайра иштетүүчү өнөр ж.айларда нымдаткыч катары колдонулат. Республикада кант заводу калдыктарынан алынган Бетаин мал жана канаттуулар азыктуулугун жогорулатуучу препарат чыгаруу ишке ашырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]