Бета-спектрометр

Википедия дан

Бета-спектрометр – β-ажыроодо бөлүнүп чыккан электрондордун жана позитрондордун, о. эле конверсиялык электрондордун жана гамма-рентген ж. б. нурлардын заттар менен өз ара аракеттешүүсүндөгү электрондордун энергиялык бөлүнүшүн өлчөөчү прибор.

Бета-спектрометрдин негизги мүнөздөмөсү так өлчөгөндө жана жарык күчүндө. Так өлчөгөн Бета-спектрометр каттаган электрондордун энергиясындагы аз айырманы мүнөздөйт. Энергия же импульс өзгөргөндө максимумдары бар электрондорго бөлүнөт. Максимумдун кеңдигинин электрондун энергиясынын жарымына болгон катышы Бета-спектрометрдин так өлчөгөн деп аталат. Детекторго келип түшкөн электрондордун санынын булак чыгарган белгилүү энергиядагы электрондордун жалпы санына болгон катышы Бета-спектрометрдин жарык күчү деп аталат. Бета-спектрометрдин жарык күчүнүн булактын аянтына көбөйтүндүсү жарыктануучулук деп аталат жана см2 менен туюнтулат. Жарыктануучулук канчалык чоң болсо, бета-спектрометр ошончолук сезгич болот. Бета-спектрометр заттарга карата аракети боюнча электрондордун энергиясын өлчөөчү жана электр жана магнит талаасында түрдүү энергиядагы электрондорду мейкиндик боюнча бөлүштүрүүчү спек-трометрге айырмаланат. 1-типтеги приборго иондоштуруучу камералар, сцинтилляциялык эсептегичтер, жарым өткөргүчтүү детекторлор кирет. 1-магнит Бета-спектрометрин 1912-ж. Я.Даныш жасаган. 1946-ж. Н.Свартхольм менен К.Сигбан эки ирет фокустоочу магнит Бета-спектрометрин жараткан. 1960-ж. Р.Л.Грехем, Ж.Т.Юэн, Ж.С.Гейгер темирсиз Бета-спектрометрин түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]