Беттер теориясы

Википедия дан

Беттер теориясы - дифференциалдык геометриянын беттердин касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Беттер теориясында беттин формасы, ийилиши, андагы түрдүү сызыктардын касиеттери, ошондой эле 2-тартиптегп бет, буралма бет, геликоид, ал эми ж. б. у. с. беттер изилденет. Аффиндик Беттер теориясы көлөмдү сактоочу аффиндик (эквиаффиндик) өзгөртүүлөрдө өзгөрбөөчү беттердин касиеттерин, ал эми проекциялык Беттер теориясында беттердин проекциялуу инварианттык касиеттери каралат. 19кылымдын аягында Беттер теориясында регулярдуу беттер гана каралса, 20-кылымдын башынан тарта Беттер теориясынын бир нече изилдөө багыттары бар, изилденүүчү беттин касиеттери (мисалы, томпоктугун) эске алынат. ошондой эле дифференциалдык геометриядагыдай беттин кичине бөлүгү эмес, бүтүндөй бет эсептелет. Беттер теориясында беттин топол. структурасын кароо маанилүү ролду ойнойт. Көп өлчөмдүү мейкиндиктин дифференциалдык геометриясы, эллипстик мейкиндик, Лобачевский мейкиндиги боюнча изилдөөлөр бул мейкиндиктердеги Беттер теориясына кирген бир катар геометриялык фактыларды аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]