Беттештирүү принциби

Википедия дан

Беттештирүү принциби - бир эле контурга улам бир электр кыймылдаткыч күчү менен таасир берип, пайда болгон токторду аныктоо жана аларды алгебралык ыкма менен кошуп эсептөө жолу.

Беттештирүү принциби бир нече ток булагы бар татаал тизмектердеги токторду аныктоо үчүн колдонууга ылайыктуу. Мындай тизмектерди талдаганда, бир гана ток булагы калтырылып, калган булактардын электр кыймылдаткыч күчү нөлгө барабарлан алынат. Бул учурда контурлардын каршылыктары турактуу бойдон калсын үчүн ток булактарынын ички каршылыктары да эсепке алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.