Беттик басым
Беттик басым - эки өлчөмдүү басым суюктук бетинин таза бөлүгүн, анын беттик активдүү заттар адсорбцияланган бөлүгүнөн ажыратып туруучу чегинин узундук бирдигине аракет этүүчү күч. Ал таза суюктуктун бетине карай бөлүп туруучу чекке перпендикуляр багытталган. Бет басым таза суюктук менен адсорбцияланган катмары бар суюктуктун беттик тартылышынын айырмасы аркылуу аныкталат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4