Беттик тартылуу

Википедия дан

Беттик тартылуу - туруктуу температурада эки фазанын (мисалы, суюктук жана аба) бөлүнгөн чегинде беттик аянтты бир бирдикке чоңойтууга сарпталган жумуш чоңдугу менен аныкталуучу термодинамикалык мүнөздөмө. Суюктук бетинин аянтын чоңойтуу үчүн сарп кылынган жумуш негизинен молекуланын өз ара аракеттешүү күчүн жеңип, молекулалар суюктуктун ички катмарынан бетине өтөт. Суюктуктун ички катмарындагы молекулаларга караганда бетиндеги молекуланын потенциалдык энергиясы чоң. Суюктуктун беттик тартылуусу (беттик тартылуу коэффициенти) анын бетин чектеп турган контурдун узундук бирдигине аракет эткен күчтүн чоңдугуна барабар. Анын күчү дайыма суюктук бетине жүргүзүлгөн жаныма боюнча таасир этет. Эгерде суюктукка сырттан күч таасир этпегенде беттик тартылуунун негизинде суюктук бети кичине аянттуу шар формасын алат. Себеби суюктуктун ички катмарындагы молекулаларга караганда ачык бетиндеги молекулалардын өз ара тартылуу күчү аз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]