Беттик тартылыш

Википедия дан

Беттик тартылыш (суюктуктарда) - суюктуктун башка фаза менен чектешкен жеринде 1 см2 изотермалык бетти түзүүгө сарп кылынган жумуш.

Беттик тартылыш сан жагынан суюктуктун бетине жүргүзүлгөн жаныма тегиздиктеги чектелген контурдун бирдик узундугуна аракет кылуучу күчкө барабар. Бул күчтүн пайда болуу шарты төмөнкүчө: тийишип турган 2 фазанын молекулалар ортосундагы өз ара тартылуу күчтөрү түрдүү чоңдукта болгондуктан, алардын четиндеги беттик катмардын бирдик аянтына аракет эткен тең аракеттенүүчү күчү ал фазалардын бирөөнүн ичине карай багытталат. Мис, суюктук менен буунун чектешкен беттеги күчү суюктуктун ичин көздөй багытталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.