Людвиг ван Бетховен

Википедия дан
Бетxовен Людвиг ван‎»‎ барагынан багытталды)
Людвиг ван Бетховен (1820).

Бетховен, Людвиг ван (17. 12. 1770, Бонн 26. 3. 1827, Вена) немис композитору, пианист жана дирижёр. Чоң атасы Бонндогу аксарай капелласынын жетекчиси, атасы ырчы болгон.

Бетховен 12 жашынан музыка жаза баштаган. Венага келген соң (1792) тез эле пианист-төкмө катары даңкы чыгат. Венадагы алгачкы он жылдын ичинде Биринчи жана Экинчи симфонияны, 6 квартет, фортепьяно үчүн соната ж. б. чыгармаларды жаратат. 1804-ж. Үчүнчү («Баатырдык»), Төртүнчү (1806), дүйнөгө атагы кеткен Бешинчи жана Алтынчы симфонияларды (1808), фортепьяно үчүн айтылуу № 21 («Аврора») жана № 23 («Аппасионата») сонаталарды, «Фиделио» операсын, Гётенин «Эгмонт» трагедиясына музыка (1810), Жетинчи жана Сегизинчи симфонияны жазган. Кийинки мезгилде жазган чыгармаларынын шедеври Тогузунчу симфониясы 1824-ж. 7-майда 1-жолу аткарылган. Бетховендин чыгармалары ушул кезге чейин дүйнөлүк музыканын өсүшүнө зор таасир тийгизип келе жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]