Мазмунга өтүү

Бонн

Википедия дан
Бонн.

БоннГерманиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын жана өкмөтүнүн (2000-ж. чейин) турган жери. Рейн дарыясындагы порт. Калкы 315,1 миң (2006). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөржай тармактары басымдуу. Машина куруу (анын ичинде электр-техника), фармацевтика, полиграфия, тамак-аш, эмерек өнөржайы иштейт. Метрополитен, университет, Людвиг ван Бетховендин музей-үйү жана концерттик залы бар.

1-кылымдан белгилүү. 1273-1794-ж. Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949-90-ж. Германия Федерация Республикасынын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11-13-кылым) сакталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]