Бехбудий Махмудкожо

Википедия дан

Бехбудий Махмудкожо - (10. 3. 1874, Өзбекстан, Самаркан 25. 3. 1919, Карши шаары) Түркстандагы жадиддик козголоңдун жетекчилеринин бири, өзбек драматургу, журналист, коомдук ишмер. Самаркан медресесин бүтүргөн (1884). 1900-ж. Египет менен Түркияга саякат жасаган. 1903-ж. Казан менен Уфа шаарында болуп, андагы жадид мектептери менен таанышат. 1904-ж. Самарканда жадид мектебин ачкан. Жадид мектептерине арнап «Кыскача жалпы география», «Ислам тарыхы» окуу китептерин, «Түркстан, Бухара жана Хива картасын» бастырып чыгарган. Россия империясындагы түрк тилдүү мусулман элдерин биримдикке чакырган макалалар жарыялаган. «Россия мусулмандарынын союзу» уюмунун программасын колдогон. 1908-ж. Самарканда акысыз китепкана ачат. 1911-ж. «Падаркуш» («Ата өлтүргүч») аттуу пьеса жазат. Бул биринчи өзбек драмасы болгон. «Айна» журналын чыгарган. 1917-ж. апрелде Ташкен шаарында өткөн мусулмандардын 1-съездине катышат. Ошол жылы 28-ноябрда өткөн Түркстан мусулмандарынын 4-съездинде Түркстан автономиясы өкмөтүнүн курамына шайланган. Бехбудий 1919-ж. январда Бакуга бара жатканда Бухара эмиринин бектеринин колуна түшүп, камакка алынып, Карши шаарында кыйноо тартып өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]