Бехзад Кемаль-ад-Дин

Википедия дан

Бехзад Кемаль-ад-Дин (1450-ж. чен, Герат 1535-34 же 1535-36, Тебриз) иран живописчиси, миниатюрачы, Герат миниатюра мектебинин көрүнүктүү өкүлү. Бул мектеп Иран, Индия жана Орто Азияда миниатюранын өсүшүнө зор таасир тийгизген. Бехзад аксарай сүрөтчүсү жана Герат башкаруучуларынын колжазма (китабхана) чеберлеринин башчысы болгон. 1522-ж. Тебризде Исмаил шахтын буйругу менен падыша сарайында китабхананы жетектеген. Көркөм, кылдат жана кооз палитранын, виртуоздуу пасторалдык жана баталдык көрүнүштөрдүн чебери болгон. Гератта калыптанган иконографиялык схемаларды сактап, көп фигуралуу композицияларды, таасирдүү көркөм сүрөттөрдү тарткан. Саадинин «Бустанына» миниатюралары (1488, Египеттеги улуттук китепкана, Каир), Низаминин «Хамсесине» эки көчүрмө (1490, Лондон, Британ музейи), «Султан-Хусейн Байкара» (1480жылдар, өздүк жыйнак, Швеция) ж. б. чыгармалары Чыгыш миниатюрасынын шедеври болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]