Бехтерев Владимир Михайлович
Бехтерев Владимир Михайлович [20.1(1.2). 1857, Россия, Вятка губерниясы, Сорали айылы 24.12. 1927, Москва] орус невропатологу, психиатр, нейрофизиолог, сексолог, психолог жана коомдук ишмер; илимий мектепти негиздөөчү. Санкт-Петербургдагы медик-хирург. академияны бүтүргөн (1878). 1885-93-ж. Казан университетинде психиатрия кафедрасынын профессору, 1893-1913-ж. Аскер-медициналык академиянын психо-неврология кафедрасынын башчысы, бир эле мезгилде (1897-1913) Санкт-Петербургдагы Аялдар медициналык институтунда психиатрия кафедрасынын башчысы. 1908-ж. Психоневролия институту, 1918-ж. Мээ жана психикалык иш-аракетти изилдөө институтун (азыркы Бехтерев атындагы психоневрологиялык институту) уюштурган жана жетектеген. Бехтеревдин балдардын жүрүм-туруму, аларды жыныстык тарбиялоо, психиатрия маселелери, аракечтикти дарылоо жана алдыналуу боюнча эмгектери бар. Эмгектери: Основы учения о функциях мозга, СПб. 19031907.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4