Бешик үйү (ясли)

Википедия дан

Бешик үйү (ясли) - 2-3 айлыктан 3 жашка чейинки балдарды тарбиялоого арналган коомдук мекеме. Бешик үйү балдардын акыл-эс, дене түзүлүшү жактан бир калыпта өсүшүнө, тарбияланышына шарт түзөт. Алардын денсоолугун чыңдоо менен бирге энелердин ар түрдүү чарбалык, маданий жана коомдук жумуштарга катышуусуна мүмкүндүк берет. Алгачкы бешик үйү 19-кылымда (1913) Россияда, ал эми Кыргызстанда 1974-ж. уюштурула баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]