Бешмант

Википедия дан

Бешмант – сырт кийимдин түрү; аялдар, эркектер кийишчү жеңил тыш кийим. Кыргыздарда анын эки түрү белгилүү – жеңи узун бешмант жана жеңи кыска бешмант. Тигилиши боюнча тизеге жетип, ичи жүн салынбай ичтелген. Бешманттын бели кыпча, этеги кең, жакасы тик чыгарылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.