Мазмунга өтүү

Бештентек

Википедия — ачык энциклопедия
Бештентек
Жанры

анимациялык сериал

Режиссёру

Колотов Георгий

Продюсери

Эльвира Сариева жана I-Media

Үн
коштогондор

Кубат Табалдиев, Мукамбет Токтобаев, Айсалкын Осмонова, Дуйшонбек Байтобетов, Шайымбек Кыдырмаев, Сатылган Сазаев, Жениш Кангелдиев

Аниматорлору

Станислав Орлянский, Азамат Осмонов, Диана Кутанова, Екатерина Гуляева, Нурбек Джумакалиев

Студиясы

Бигим

Өлкө

Кыргызстан

Тили

кыргыз тили

Узактыгы

180 м

Жылы

август 2009-жыл — август 2010-жыл

Бет ачаары

август 2010-жыл

Бештентек – Кыргызстандын балдар жана өспүрүмдөр аудиториясына (10–15 жаштагыларга) багытталган, билим берүүчү жана социалдык мааниге ээ медиа-долбоор. Долбоор Көктөм аттуу жашоодо жок, ойлоп чыгарылган айылда жашаган Тарапыш, Элсин, Мамыт, Айсал жана Жусик аттуу беш достор туралуу баян. Каармандардын жашоосу ар түрдүү сырдуу жана укмуштуу окуяларга бай. Алар чогуу бирдикте көптөгөн маселе-кыйынчылыктарды баштарынан кечирип, баарын жеңип чыгышат. Алардын достугу көп сыноодон өтөт, жакшылык менен жамандыктын ортосунда тандоо кылууга туура келет. Бирок андай гана жагдай болбосун, алардын бир-бирине болгон ишеними бекем болуп, идеалдарынан баш тартышпайт.[1]

Негизги идеясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоордун мазмуну достук, чынчылдык, кең пейилдик, кесипкөйлүк (адал эмгек аркылуу каражат табуу), абийирдүүлүк (азгырыктарга алдырбоо), мекенчилдик жана башка адамзатка таандык оң баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Каармандар ар кандай кыйынчылыктарга жана моралдык тандоолорго туш болуп, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы чечимдерди кабыл алышат. Окуялар аркылуу өспүрүмдөрдүн социалдык жоопкерчилиги жана жарандык аң-сезими өнүктүрүлөт.

Каармандардын образдары Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жана фокус-топтук изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган адам архетиптерине ылайык иштелип чыккан.[2]

Биринчи түрмөк (2009)[3]

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бештентек долбоорунун биринчи түрмөгү 2009-жылы сунушталган. Ал төмөнкү компоненттерди камтыган:

  • "Байлык үңкүрү" аттуу окуя;
  • анимациялык сериал;
  • теле жана радио ток-шоулар;
  • куурчак театрлары;
  • радиокоюулар;
  • флеш-анимациялар;
  • комикстер;
  • үстөл оюндар;
  • боёмолор жана магниттер.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында прокуратура жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарындагы орто мектептерде окуучулар үчүн сабактан кийинки кошумча билим берүү сааттары уюштурулган.

Экинчи түрмөк 2010-2011

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоордун экинчи түрмөгү 2010-жылдын август айында башталган. Ал «Бештентектин» эң ийгиликтүү медиа куралдарын улантуу жана өнүктүрүү максатын көздөгөн. Бул этапта төмөнкү материалдар даярдалган:

  • анимациялык сериалдын уландысы;
  • комикстер сериясы;
  • расмий веб-сайт;
  • боёмолор жана магниттер;
  • 2011-жылга арналган тамга илинүүчү календарь.

Долбоордун автордук тобу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоордун концепциясын иштеп чыккан эксперттик топ: Долженков Сергей, Жусупбеков Бакир, Лэнгстон Нэнси, Сариева Эльвира, Усенова Бегаим, Чуприна Дмитрий, Шишкараева Эльмира.

Долбоордун жетекчиси: Сариева Эльвира

Көркөм жетекчиси: Насыранбеков Нурбек

Долбоордун координаторлору: Азимов Азим Акунов Руслан Кулатаева Наргиза

Сценардык топ: Анарбаев Нурлан Джумагулов Султан Кролевич Сергей Сарыгулов Баян

Билим берүүчү топ: Никифоров Максим, Шишкараева Эльмира Мурзалиева Асема, Нарбекова Жумагуль, Султанбекова Жылдыз, Фаттахутдинова Румия

"Бештентек" куурчак театры

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчиси: Тойчубаев Кубан

Актерлор: Азизова Мадинa, Асакеев Алтынбек, Карымшаков Жаныбек, Осмоналиева Айнура

Сүрөтчүлөр: Идрисов Максат, Ишебаев Жум, Бейшеналиев Нурлан, Эрманбетова Перизат

"Бештентек" анимациялык сериалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын директору: Ли Андрей

Режиссер: Колотов Георгий

Сурөтчү-коюучу: Джумакалиев Нурбек

Звукорежиссерлор: Бекболиев Эгемберди, Мурат Ажиев

Композитор: Жеенбаев Мурзали

Сүрөтчу-аниматорлор: Бейшебаев Жумгалбек, Гуляева Екатерина, Ишенов Рад, Кутанова Диана, Орлянский Станислав, Осмонов Азат, Шестаков Михаил, Халмурзаев Эдуард

Телевидение жана радио топ: Айтимбетова Лира, Арипова Гуля, Клинчаева Оксана, Миловацкий Роман, Ольховская Татьяна

Долбоордун демөөрчүлөрү жана шериктештери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоорго жалпы жетекчилик КРдагы “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылат, ал эми долбоордун ар бир шериктеши долбоордогу өз багытын иштеп чыгып жана ишке ашырат.Негизги мазмундук ишти аталган консорциумга кирген уюмдардын кызматкерлеринен турган чыгармачыл топ ишке ашырат.

КРдагы “Медиа Полиси Институту” (МПИ) КФ Кыргызстандагы алдыңкы медиа уюмдардын бири болуп саналат. Билим берүү жана медиа чөйрөсүндө жалпы улуттук медиа- жана коомдук өнөктүктөрдү өткөрүү боюнча кеңири тажрыйбага ээ. МПИ КРдагы бардык креативдик жана дизайнердик бюролор, продакш-студиялар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташат. МПИ бүт дүйнөлүк «Internews International» ассоциациясынын ассоциациялуу мүчөсү болуп саналат.

Каржылык колдоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Балдар – коркунучта” балдарды колдоо коомдук фонду – консорциумдун шериктеши.Аталган фонд өз ишмердигин 2001-жылы декабрда баштаган. Кийинчерек бул коомдун жана Кыргыз-Орусия славян университетинин биргелешкен аракети менен, юристтердин Америка ассоциациясынын (ABA/ROLI) колдоосу астында Кыргыз-Орусия славян университетинин ЮНЕСКОнун “Конституциялык укук жана гендердик саясат” кафедрасында күнүмдүк укук Борбору (Street Law Center) түзүлгөн. Фонд жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары үчүн коррупцияны алдын алуу боюнча “Чынчыл жаңы муун” деп аталган класстан тышкары сабактарды өткөрүү тажрыйбасына ээ.

“Бигим” студиясы – консорциумдун шериктеши. Аталган студия он жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен биргеликте медиапродакшн секторунда ийгиликтүү иштеп келет. Студиянын чыгармачыл жамааты видео өндүрүшүндө 13 жылдан ашык мезгил бою алектенип келаткан кино жана телевидение чөйрөсүндөгү кесипкөйлөрдөн куралган. КРда бирден бир саналган жаш сүрөтчү-аниматорлорду даярдоо студиянын эң көрүнүктүү жетишкендиги катары саналат.

КРдагы “Радио жана телевидение ассоциациясы (РТА) ОЮЛу – консорциумдун шериктеши. РТА өлкөнүн теле-радиоберүүчүлөрүн бириктирген жалгыз ассоциация болуп саналат. РТА ТВ жана радио аркылуу бүт өлкөгө эфир гана бербестен, ошондой эле сапаттуу радио материалдарды өндүрүү менен алектенет. РТАнын бул долбоорго катышуусу заказчыга кыйла пайдалуу медиапакеттерди берип жана эфирге тез коюлушуна өбөлгө түзөт.

«I-Media» маркетинг коммуникациялар бюросу – консорциумдун шериктеши. «I-Media» «Бештентек» долбоорун иштеп чыккандардын бири болуу менен долбоорду жылдыруу боюнча, ошондой эле «Бештентектин” дизайны менен образдарын иштеп чыгып жана жүзөө ашырган маалымат өнөктүгүн жүргүзгөн шериктештерден.

Долбоор АКШнын эл аралык Өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу “Миң жылдыктар көйгөйү” эсебинин Босого программасынын алкагында америка элинин көмөгү менен ишке ашырылды. Долбоордун мазмуну USAIDдин же АКШ Өкмөтүнүн позициясын сөз жок эле чагылдырбайт.

  1. Kyrgyz Cinema/Бештентек
  2. Комсомольская Правда/Герои мультфильма «Бештентек» расскажут детям о коррупции - 8 февраля 2010
  3. «Азаттык» үналгысы/«Бештентектин» тушоосу кесилди 15-ноябрь 2009

Институт Медиа Полиси/В Кыргызстане запущен антикоррупционный проект для школьников «Бештентек» Мар 3, 2010