Беш-Күңгөй кум-шагыл кени
Көрүнүш
Беш-Күңгөй кум-шагыл кени ― Кыргызстандын Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан 15 км түштүк тарапта, деңиз деңгээлинен 1181–1485 м бийиктиктеги кумшагыл кени. 1987-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы жогорку плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк жана антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөгүндү катмарлардан түзүлгөн. Кум-шагыл калың катмарынын туурасы 250–1200 м болуп, түндүк-чыгыш тарапка 1800 мге созулуп жатат. Кум-шагыл кошулмасынын калыңдыгы 2 мден 174 мге чейин өзгөрөт. Кум-шагылдын 20–500 ммге чейинкиси 19%, 0–5 мм – 26%. Кум-шагыл курулуш ишине, жол курулушуна жана бетонго кошууга жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча - 43025 миң м3, С1–65751 миң м3, В+ С1–108776 миң м3.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7