Беш-Таш короо байыркы көрүстөндөрү жана петроглифтери

Википедия дан

Беш-Таш короо байыркы көрүстөндөрү жана петроглифтери - байыркы түрк дооруна (7-8 кылым) таандык археологиялык эстеликтердин тобу. Алар Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы Кара-Тоонун этегинде жайгашкан. Аска бетине түшүрүлгөн тоотекелердин, ритуалдык бий аткарган адамдардын сүрөттөрү арбын. Тоотекелерге жаа менен аңчылык кылуу көрүнүштөрү, ошондой эле жылкы, түлкү, карышкыр өңдүү жаныбарлардын чегип түшүрүлгөн келбеттери да кездешет. Сак-усун доорундагы көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденген. Көрүстөндөрдүн ичинен байыркы түрк дооруна караштуу көрүстөндөр өзгөчө маанилүү. Алар тоо этегине жакын түзөң 3 коктуда жайгашкан. Маркумдун аты менен кошо коюу салтына ылайык, көрүстөндөрдөн жоокердин, аялдын, ал тургай жаш баланын да жанынан аттын сөөгү, ооздугу, ээри, үзөңгүлөрү табылган. Ал эми маркумдун өзү гана көмүлгөн көрүстөндөгүлөрдү тирүү кезинде социалдык абалы төмөн адамдар болгон деп болжоого болот. Маркумдун баш жагына койдун жото жилигин (чүкөлүү жилик) коюу салты ошол доордо калыптанып, 13-14-кылымга чейин уланган. Археологиялык эстеликти 1991-94-ж. К. Табалдиев жетектеген археологдор тобу изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]