Беш кашка өрүм

Википедия дан

Жөнөкөй өрүмдүн бир түрү. Чеберлер муну беш тал кайыш менен жүзөгө ашырышат. Же болбосо, өрүмдүн үчүн жуп сан кылбай чеберлер 5—7—9 тал тилинет да, төрт талдын, тогуз талдын ортосунан бир тал аркак болуп жүрөт. Мында беш тал көктүн экөө бир жагына, үчөө бир жагына оңду-солду болуп отурат. Айрым чеберлер «беш кашка өрүмүн» жети талдан тилет. Ал үчтөн алып басылат да, бирөө «аркак» болуп түшөт. Аны чеберлер көбүнчө басмайыл үчүн колдонот.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)