Беш таштарды ыргытып уяга түшүрмөй

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чакан-чакан келген жумуру таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кичинекей чуңкур казышат, андан 4—5 кадам аралыкка таштарды ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюндун шарты гана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, колдоруна бештен чакан таштарды алышып, сызылган сызыкты тепсешпей турушуп ыргытып уяга түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу таштарды ыргытып уяга түшүргөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таштарды сызыктан өтүп таштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, уяга бештен ашык таштарды ыргытууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таштардын көлөмү бирдей болушу керек. Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн кыймылдарды так аткарууга аралыкты аныктоого, аракетин эсептөөгө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]