Беш таш же топ таш

Википедия дан

Беш таш же топ таш - жаш кыздар, кыз-келиндер экиден же өнөктөшүп ойноочу чакмак оюн. Беш даана таш менен ойнолот. Ал эки колдоп ойнолуучу татаал он бөлөк ыкмадан турат. Оюндун эрежеси боюнча бир ташты алаарда башкасына кол тийгизүүгө болбойт, оң колго жыйналып жаткан таштар да бири-бирине тийишип кетпеши керек. Оюндун бир жеринде жаңылыштык кетсе, оюн кезеги башкага берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]