Беш уул

Википедия дан

Беш уул - чекир саяк уруусунун курамындагы ири урук. Изилдөөчүлөрдүн пикирине караганда «беш уул» жөнүндөгү уламыштар байыркы түрк дооруна таандык. аль Жувейни Чыңгыз хан жана анын мураскорлору тарабынын негизделген Кара Корум шаар чалдыбарындагы таштагы жазуудан байыркы уйгур уламышын окуган экен. Бул уламыш-маалыматта «Селенга менен Тогла Дарыяларынын кошулган жериндеги эки дарактын ортолугунда тоо пайда болгондугу баяндалат. Уйгурлар бул жерге жакындап келишкенде тоо ачылып, дарактын тамырларынан аккан сүттү эмип жатышкан ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу алтын көкүл беш наристени көрүшөт. Табылган бул балдардын баарына тең ысым беришет. Уламыштагы маалыматтарга караганда, алардын ичинен чыккан Буку хан чыгыштан батышка чейинки аралыктагы жерлерди жеңип алып, Беш Балык шаарын негиздептир». Ушул эле уламыштын сюжети түрк тилдүү байыркы булгарлардын (Балкан булгарлары) легендаларында да баяндалат. Байыркы мифологиялык сюжеттин түрк дүйнөсүндө кенен таралышы, этнонимиялык параллелдүүлүктөр (өзбек-курамалар - «беш огул», заравшан өзбектеринде - «беш бола», казактарда - «бестен бала» ж.б.) этностук жалпылыкты аныктаары шексиз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]