Мазмунга өтүү

Бжезинский Збигнев Казимир

Википедия дан

Бжезинский Збигнев Казимир - (28.3.1928-ж. туулган, Варшава) АКШнын мамлекеттик ишмери, окумуштуу. Философия илимдеринин доктору (1953), профессор (1960). Мак-Гилл (1949, Канада) жана Гарвард (АКШ) университеттерин бүтүргөн. 1953-60-ж. Гарвард, 1960-жылдан Колумб университетинин (Нью-Йорк) профессору, 1962-77-ж. ошол эле жерде Коммунизм маселелерин изилдөө институтунун директору. 1977-81-ж. АКШ президенти Ж. Картердин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы. 1981-89-ж. Жоржтаун жана Колумб университеттеринде, 1989 99-ж. Жон Гопкинс университетинде эл аралык мамилелер бөлүмүн жетектеген. Бжезинскийдин эмгектеринде Совет бийлиги жана анын коммунисттик идеологиясы сынга алынып, СССРдин ички жана тышкы саясатын ар тараптуу изилдөөнүн натыйжасында бул империянын да кыйрай тургандыгы тууралуу илимий божомолун жарыялаган. 20-кылымдын 90-жылдарынан тарта Бжезинский мурдагы СССРдин аймагындагы, анын ичинде Орто Азиядагы геосаясий абал жана жаңыдан пайда болгон көз каранды эмес мамлекеттердин келечеги тууралуу маселелерди изилдеген. Негизги эмгектери: «Саясий бийлик: АКШ/СССР» (1964, С. Хантингтон менен бирдикте), «Алаамат кыйроо. ХХ кылымдагы коммунизмдин төрөлүшү жана өлүмү» (1988), «Улуу шахмат тактасы» (1998).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]