Биакс

Википедия дан

Биакс (би.. . жана лат. axis - ок) - тармактанган магнит өткөргүчү жана октору перпендикулярдуу болуп, бири бири менен кесилишпеген 2 көзөнөгү бар феррит өзөкчө.

Көзөнөктүн бири информацияны эске тутуп, анда жазып калтыруучу жана окуп алуучу өткөргүчтөр, экинчи тешиги аркылуу информацияны окуп алуу үчүн жи-бериле турган импульстуу ток өтүүчү өткөргүч жайлаштырылат. Биакстын конструкциясынын (симметриялуу жана симметриялуу эмес) магнит өткөрүүчү материалдардын касиеттери ж. б. боюнча айырмаланган бир нече түрү бар. Автоматиканын тех. каражаттарында жана эсептөө техникасында эске тутуучу же логикалык элемент катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.