Бивалент

Википедия дан

Бивалент (лат. bi – эки эселенген, эки түрдүү жана valens - күчтүү) - мейоз учурунда бири-бири менен бириккен (конъюгацияда) гомол. жуп хромосомалар . Б. профазада пайда болуп, биринчи анафазага чейин сакталат (к. Мейоз). Б-те жуп, гомол. хромосомалар ортосунда Х сымал кайчылашуу – хиазмалар пайда болуп, генетикалык материалдын алмашуусу жүрөт.

Б-тердин саны хромосомалардын гаплоиддик санына барабар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]