Бидермейер –

Википедия дан

Бидермейер – XX кылымдын экинчи жарым жылдыгынын башында негизинен Австрия менен Германияда живопистеги көркөм багыттын өнүгүүсүнүн шарттуу аталышы. Бул багытты башка багыттардан айырмалап турган өзгөчөлүгү анын немец бюргерлеринин көз караштарына мүнөздүү, жеке турмуштан алынган сентименталдык сюжеттерге, ынактыкка көбүрөөк көңүл буруусу болгон. Б-дин живописи чындыктан алыс турган, ыксыз кооздолгон немец классицизмине болгон реакция жана бул багытта алга умтулган алгачкы кадам болучу. Бирок немец буржуазиясынын көз карашынын чектелүүлүгү менен кызыкчылыктарынын тардыгы Б-дин идеялык жакырданышына шарт түзгөн. Бул багыттын өкүлдөрүнүн ичинен К. Шпицвег эң талант­туусу болгон. Б-ге мүнөздүү көрүнүштөр живописте Э. Мейергейм, Г. Кёрс-тингдин, ал эми Австрия­да И. Дангаузер менен Ф. Вальдмюллердин эмгектеринде байкалат. Б. архитектура менен жасалга-колдонмо искусствосунда да чагылдырылган. Б. деген ат XIX кылымдын 70-жылдары немец жазуучусу Л. Эйхродттун китебинен алынган (ал китептеги бир каармандын ысымы болгон).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]