Бизнес-план

Википедия дан

Бизнес-план - (англ. business plan) жаңы ишкана түзүүдө маанилүү учур. Бизнес-план ишкердин өзүнө, анын потенциалдуу инвесторлоруна жана кызматкерлерине керек. Ишкер өз идеяларынын ишенимдүүлүгүнө, инвесторлор идеянын ишке ашарына, кызматкерлер түзүлүүчү ишкананын келечегине жана милдеттерине күмөндөр болбоого тийиш. Ошондуктан бизнес-планда бүтүмдү жүзөгө ашыруу жана пайда табуу программасы камтылат. Бизнес-план түзүүдө идеяны ишке ашыруу үчүн ишкердин алдында кандай тоскоолдуктар болору, ошондой эле жаңы ишканада өндүрүлүүчү товарга же көрсөтүлүүчү кызматка суроо-талаптын өлчөмү, ишкананын өндүрүштүк жана финансылык керектөөлөрү эске алынуусу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]