Мария Биешу

Википедия дан
Бизшу Мария Лукьяновна‎»‎ барагынан багытталды)

Бизшу Мария Лукьяновна (3.8.1935-ж. туулган, азыркы Штефан-Водэ району, Волонтировка кыштагы) молдован ырчысы (лирика-драмалык сопрано), СССР эл артисти (1970), Социалистик Эмгектин Баатыры (1990). Молдова консерваториясын бүткөндөн (1961) Молдова опера жана балет театрынын солисткасы, 1965-67-ж. «Ла Скала» театрында стажировкада болгон. Чио-Чио-сандын партиясын аткаруучулардын эл аралык конкурсунда (Япония, 1967) 1-сыйлыгын алган. Молдова консерваториясынын профессору (1986). Лениндик сыйлыгы (1982), СССР мамлекеттик сыйлыгы (1974) лауреаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]